Олимпиадага Кыргызстандан барчу лыжачы Гордеевди канча киши коштоп барат

Максим Гордеев Пекинде 16-февралда жарышка чыгып, Кыргызстандын намысын талашат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстандын атынан Пекинде өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган Максим Гордеев жана анын машыктыруучусу Игорь Борисовдон сырткары Кыргызстандан дагы үч киши барат. Бул туурасында Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
"Гордеевден башка Олимпиадага аттана турган Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамына миссиянын башчысы, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) кызматкери Чолпон Жумагазиева барат. Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен УОКтун президенти менен анын башкы катчысы Садыр Мамытов жана Кылычбек Сарбагышев да кетет", — деп айтылган маалыматта.
Максим Гордеев тууралуу кыскача маалымат
Эске салсак, кыргызстандык спортчу Максим Гордеевдин XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алганы 2-декабрда маалым болгон.
Ал 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Лыжа тебүү спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, Кышкы эки универсиаданын, Эл аралык лыжа федерациясы (FIS) өткөргөн көптөгөн жарыштардын катышуучусу. Мыкты көрсөткүчтү FIS уюштурган 2018-жылдагы таймашта жаратып, 4-орунду алган. Жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.
Гордеев акыркы төрт жылда Иран, Армения, Швеция, Россия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) уюштурган спорттук таймаштарга катышкан. Маанилүү учурлардын бири 2021-жылы БАЭдеги квалификациялык турнир болду. Гордеев төрт старттын жыйынтыгы менен Олимпиадада слалом боюнча таймашуу укугун алган.
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда жарышка чыгат.
Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө