Кыргызстанга кайсы жактардан автоунаа алып келинет. 11 айдын жыйынтыгы

2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу автоунаалардын импорту эки эсеге кыскарган. Автокөлүк алып келинген беш негизги өлкө бар.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылдын январь-ноябрь айларында 11 373 автоунаа импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Автокөлүк алып келинген беш негизги өлкө:
Россия — 4 932 даана;
Түштүк Корея —1 840;
Грузия — 1 640;
АКШ — 1 000
Литва — 894.
Дагы үч мамлекеттен 100дөн ашуун унаа алынган:
Казакстан — 362;
Япония — 233;
Беларусь — 140.
Дагы 22 мамлекеттен анча көп эмес санда жиберилген:
Кытай —70;
Германия — 48;
Армения — 44;
Бириккен Араб Эмирлиги — 42;
Канада — 38;
Словакия —34;
Өзбекстан — 23;
Эстония — 5;
Австралия — 4;
Австрия, Иран, Мексика, Швеция — үчтөн;
Нидерланд, Түркмөнстан, Франция — экиден;
Болгария, Индонезия, Латвия, Улуу Британия, Таиланд, Швейцария — бирден.
2020-жылдын 11 айында өлкөгө 24 233 автоунаа алып келинген.
Кыргызстан Казакстанга эң көп саткан 10 товар. Инфографика