БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына жактырбай койду.
Аны депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырып, Украина тараптан Кадыркуловдун кызматка барышына макулдук берген агреман келгенин билдирди.
Комитеттин жыйынында депутат Айбек Осмонов "элчилик кызматка артынан жаман сөз ээрчибеген, таза, жаш кадрлар жок беле?" деп сурады. Анда Ниязалиев талапкерлиги каралып жатканда укук коргоо органдары тарабынан текшерилгенин билдирди.
Ал эми Улан Бакасов учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен элчилердин алдына инвестиция тартуу планын коюп, эгер аткара албаса артка чакыртып алуу маселесин көтөрдү.
Ал эми Ырысбек Атажанов анын мурдагы эмгек жолундагы мүчүлүштүктөрүн атап, кесиптештерин анын талапкерлигин колдобоого чакырды.
"Сиз УКМКны жетектеп турганда азыркы президент Садыр Жапаров түрмөдө отурган. Аны колдогон адамдарды аябай катуу кысымга алгансыз. Азыр сиздин элчи болуп иштегенге моралдык укугуңуз барбы?" — деп суроо салды Атажанов.
Анда Кадыркулов бул субъективдүү пикир экенин айтып, эч кимди кысымга албай мыйзам чегинде иштеп кеткенин билдирди.
Натыйжада добушка коюлуп, комитеттин төрт мүчөсү каршы, үчөө макул добуш берип, Кадыркуловдун талапкерлиги өтпөй калды.
Буга чейин Украинадагы элчиликти экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов аркалап келген. Ал мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кетип жатат.
Идрис Кадыркулов 2018-2019-жылдары УКМКнын төрагасы болуп турган. Ал коомдо паспорттордун бланкаларын даярдоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп айтылган кептен улам өз ыктыяры менен арыз жазган.