Бин Дунь Дунь пандасы Пекиндеги кышкы Олимпиаданын тумары болду

Жакында Кытайда Олимпиада оюндары башталат. Анын талисманы тууралуу кененирээк маалымат алыңыз.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бин Дунь Дунь пандасы 2022-жылы Пекинде өтчү кышкы Олимпиаданын тумары болду.
"Заманбап кытай тилинде "бин" сөзүнүн бир нече мааниси бар. Биринчи кезекте ал музду, анан тазалык менен күчтү түшүндүрөт. "Дунь Дунь" деген дени сак, бекем жана шайыр деген маанини билдирет. Бул сөз балдар жөнүндө кеп болгондо дагы колдонулат", — деп айтылат эл аралык Олимпиада комитетинин сайтында.
Бин Дунь Дунь үстүнө скафандрды элестеткен муздан жасалган костюм кийген. Уюштуруучулардын айтымында, муну менен жаңы технологиялар менен келечектин байланышын көрсөтүү максаты болгон.
"Бетиндеги түстүү шакекчелер Пекиндин заманбап муз жана кар ареналарын чагылдырса, сол колундагы жүрөк Кытайдын Олимпиаданын бардык катышуучуларына болгон меймандостугун көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Бул тумар алты миң символдун арасынан тандап алынган. Сынак 2018-жылдын август айында эле жарыяланган. Панда — кытайдын улуттук символу. Бул жаныбар 2008-жылы өткөн Пекин жайкы Олимпиадасынын беш тумарынын бири болгон.
Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралда башталып, эки жумага созулат. Жалпы төрт миңден ашык спортчу катышары айтылды.
Олимпиадага Кыргызстандан барчу лыжачы Гордеевди канча киши коштоп барат