Африкадан Европага учактын шасси жагына жабышып келген киши аман калды

Сөз болуп жаткан Boeing 747 учагы Түштүк Африка Республикасындагы Йоханнесбург шаарынан Амстердамга 11 саатта учуп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кечээ, 23-январь күнү, Амстердам шаарынын Схипхол аэропортунун кызматкерлери Африкадан учактын шассиси жайгашкан жерге жашынып келген кишини таап алышты. Бул тууралуу ВВС жазды.
Аэропорттон айткандай, адатта шасси жайгашкан жерге жашынып келүүнү каалагандар аман калбайт. Анткени ал жер ачык, шамал кирип турат. Ал эми азыркы учактар көтөрүлгөн бийиктикте 50 градуска чейин суук болот. Мындай абада дем алуу дагы оңой эмес.
"Табылган кишинин тирүү жана абалы жайында экени таң калтырды. Аны ооруканага жеткирдик. Мындайды эч качан көргөн эмесмин. Негизи учактын кайсы бир жерине жабышып келүүнү каалагандар тирүү калбайт", — деди полиция кызматкери Йоанна Хельмондс.
Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан Boeing 747 учагы Түштүк Африка Республикасындагы Йоханнесбург шаарынан Амстердамга 11 саатта учуп келген. Ортодо Кениянын Найроби шаарына май куюп алуу үчүн конгон. Андыктан "жүргүнчү" кайсы мамлекеттен учакка түшкөнү азырынча белгисиз.
Дүрбөлөң түшүп, учакка жармашкан афгандар. Кабулдагы аэропорттон видео