Кыргыз бийлиги изилдөө жүргүзүп, эл эмнеге нааразы экенин билүүгө белсенди

Изилдөө иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети эл эмнеге нааразы экенин билүү үчүн Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзүүгө белсенип жатат.
Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планга киргизилген.
Изилдөө региондордогу социалдык-экономикалык кырдаал, нааразычылыктын конкреттүү себептери, келечекти көрүү, ошондой эле региондордо социалдык ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары жөнүндө калктын пикирин аныктоо максатында жүргүзүлөрү жазылган.
Буга Экономика жана коммерция министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жооптуу болуп дайындалган.
Аталган иш-чараларды 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Министрликтер изилдөөнүн тыянактары жана сунуштары менен аналитикалык маалыматты даярдоого тийиш.
Бийлик "Өзүңдөн башта" кыймылын түзүүнү пландап жатат. Эмне үчүн керек?
Бийлик качан окуучуларга автобус бөлүп берет. Документтеги пландар