Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча маалымат берди

Кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.
Төрага Болот Темировдун сайтындагы иликтөөлөрдө жазылгандардын баары калп экенин айтууда.

"Мен эч качан бирөөнүн, өзгөчө мамлекеттин мүлкүн жеген эмесмин. Анын иликтөөсүндөгү айтылгандардын баары карандай калп. Ал чет элдик гранттарды алып, бийликти коомго жаман көрсөтүүгө аракет кылууда. Бизде маалыматтар бар. Айткандарынын 90 пайызы калп", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кантип жана эмне себептен кармалгандыгы тууралуу маалымат берди.
"Болот Темировдун кеңсесинде наркотикалык заттар таратылууда деп арыз жазылган. Анын жанындагылар кармалып, канында баңгизат бар экени аныкталды. Жакшы жери журналист Болот Темировдун канында эч кандай мыйзамсыз заттар табылган жок. Бул анын жазасын жеңилдетет. Бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралат. Аны камактан чыгарып коюп деле тергөө жүргүзө берсе болот дегенди айткым келет", — деди УКМКнын төрагасы.
Мындан тышкары, Темировдун кеңсесиндеги компьютерлер алынып, текшерилип жатканын, жакында кайра кайтарыларын кошумчалады.
Кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, журналист баңгизатын сактоого шектелип жаткан.
Эске салсак, Temirov LIVE YouTube каналы "Эки күндө 37 миллион сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө жарыялаган.
УКМК: Asia Mall борборуна бомба коюлду деп чалган номердин ээси табылды