Зыянын тийгизип албагыла. Имбирди туура колдонуу жолдорун адис айтып берди

Адис имбирди көп пайдалангандарга бул боюнча баары бир дарыгерге айтып, анын кеп-кеңешин угуп коюу ашыкча болбостугун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Имбирди кээ бир дарылар менен аралаштырып ичкенге болбойт. Бул тууралуу врач-диетолог Анжелика Дюваль Sputnik радиосуна айтып берген.

"Суукка кабылып, тумоолоп жатканда имбирди эстешет. Албетте, анын вируска каршы күрөшө турган касиети бар. Бирок имбирь чайды эт ысыганда тапты түшүргөн ибупрофен менен бир учурда ичкенге болбойт, тагыраагы, бул кандын уюшуна таасирин тийгизет", — деп түшүндүргөн Дюваль.

Мындан сырткары, имбирдин дарылар менен өсүмдүктөрдүн кандагы канттын деңгээлин түшүргөн касиетин көбөйтүп жиберери айтылган.
"Имбирди кандагы канттын деңгээлин азайткан дарылар менен да аралаштырбаш керек. Мисалы, α-липид кислотасы, хром менен айкалышпайт. Биз сөз кылып жаткан имбирь да кантты азайткандыктан, такыр эле түшүп кетиши мүмкүн", — деген ал.
Адис аталган өсүмдүк организмге, ооруларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертип, баары бир дарыгер менен кеңешип, анан рационго киргизүүнү сунуштайт.
Аны канча көлөмдө колдонуу туурасында тактоо киргизген.
"Албетте, бир айда бир жолу эки-үч кесимди чайга даам бериш үчүн кошуп ичсеңиз, анда башка кеп. Ал эми имбирден чай кылып, кыям жасап, дарылык тундурмаларды күн сайын пайдаланганда баары бир дарыгерден сурап, кеңеш алуудан өтөрү жок. Бул жерде көп көлөмдө колдонуу туурасында сөз болуп жатат", — деген Дюваль.
Дарыгерлер мурдараак аны бир колдонуунун өлчөмү 80-100 грамм экенин да эскерткен.
Чылым чеккендер эмне жеши керек. Нарколог пайдалуу 6 азыкты атады