Суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы

Келе жаткан аптанын кээ күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан аптанын кээ күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал. Бишкекте 23-январь күнү күндүз жана 24-январда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас облустары

Чүй облусунда 24-январда түнкүсүн жана 29-январда кар жаашы ыктымал. Калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткү пайда болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми Талас жергесинде апта этеги 29-январда кар жаашы ыктымал.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

23-январда бир аз кар жаашы мүмкүн. Андан соң дүйшөмбү, 24-январдан ишембиге чейин жаан-чачын болбойт. 29-январда кээ бир жерлерде кар жаап, абанын температурасы 5...7 градусту көрсөтмөкчү.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда 23-январдан 26-январга чейин кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы -2...+3 градуска жетет. 26-январда апта этегине чейин жаан-чачын болбойт. Нарында 23-24-январда гана кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы тоолуу жерлерде түнкүсүн -21…-26 градуска чейин муздашы күтүлүүдө.
Башка дүйнө. Суу алдындагы жаныбарлардын өзгөчө сүрөттөрү
Чыкылдаган аяз коштойт. Февралга карата аба ырайы