Төкмө акындар кесиптеши Болот Назаровду колдоп митингге чыгышты. Видео

Болотбек Назаров кечээ, 22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төкмө акын Болотбек Назаровду бошотуу талабын койгондор Бишкек ШИИБинин имаратынын алдына митингге чыгышты.
Алардын арасында Назаровдун кесиптештери, төкмө акындар чогулган элдин алдында ырдап жатышат.
Эске салсак, Назаров кечээ, 22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.
Буга чейин Бишкек милициясынан Болот Темиров менен Болотбек Назаров А.А. аттуу жарандын кайрылуусунан улам колго түшүрүлгөнүн айтышкан.
Маалыматка караганда, КР Жазык кодексинин 283 ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо") жана 287-беренелерине ("Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын") ылайык кылмыш иши козголгон.
Болот Назаров Бишкектеги Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган учурда жанында 8,69 грамм нашаа болгонун милициядан билдиришкен.
Бүгүн, 23-январда, журналисттин баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Анын эркиндигин талап кылган активисттер менен журналисттер эртең менен Бишкек жана Ош шааларында нааразычылык акциясына чыгышкан.
Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча маалымат берди