Таласта ПЦР-лаборатория ачылып, Акылбек Жапаров көрүп келди. Сүрөт

Лаборатория алдыңкы жабдуулар менен жабдылган жана күнүнө 800 анализди чыгарат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусундагы COVID-19 илдетин аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, заманбап ПЦР-лаборатория алдыңкы жабдуулар менен жабдылган жана күнүнө 800 анализди чыгарууга ылайыкташкан.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусундагы COVID-19 илдетин аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты

2 / 2

Билдирүүгө ылайык, заманбап ПЦР-лаборатория алдыңкы жабдуулар менен жабдылган жана күнүнө 800 анализди чыгарууга ылайыкташкан

Жапаров мындай лабораториялар өлкөнүн бардык регионунда ачылышы керектигин белгилеген.
Өз кезегинде Таластын тургундары жана лабораториянын кызматкерлери мындан ары COVID-19ду аныктоо жеңилдей турганын айтышкан. Себеби буга чейин анализдерди Бишкекке жөнөтүп тургандыктан, вирус жуктургандарды ыкчам аныктоо мүмкүн болгон эмес.
Мындан сырткары, жакында лабораториянын профили кеңейтилип, коронавирустан башка дагы изилдөөлөр жүргүзүлө турганы айтылды.
"Омикрондун" белгиси байкалса, дарыланууну кантип башташ керек? Кеңеш
Кадамжайдагы ооруканага жүрөк-кан тамыр ооруларын текшерген аппарат берилди