Чач боюнча стилист Бекболотов: табигый сулуулук трендге айланып бара жатат

Тилек Бекболотов табигый сулуулук, табият берген келбет ар дайым трендде болот деп эсептейт. Ал "жакшы иштеп, мыкты эс алганды жана жашаганды да билүү керек" деген пикирди карманарын билдирди.
Sputnik
Атактуу шоу-бизнес жылдыздарынан тарта карапайым адамдарга чейин образ түзүп, бир катар өлкөлөрдү кыдырып тажрыйба топтогон чач стилисти Тилек Бекболотов Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда болду.
— Кара-Балта шаарынын тургуну экениңизди билебиз. Карьераңыз да эрте башталыптыр...
— Кичинемде элге көп аралашпаган бала болчумун. Журналист болууну кыялданчу элем. Анан мектепте 8-класска чейин абдан жакшы окуп жүрүп эле өткөөл куракта таштап койдум. Бирок убактымды жөн кетиргим келбей, чач тарач курсун окуп алганым жеңиш болду. Мектепти аяктагандан кийин Кара-Балтада эки айдай чач кыркууну үйрөндүм. Чач тарачта иштеп кардарларым да улам көбөйө берди. Ал кезде туура кыркып жатамбы же туура эмеспи, өзүм деле аңдай алчу эмесмин. Бирок баарын жан дилим менен жасачумун. Наргиза деген чогуу иштеген кесиптешим бар эле. Ишин жакшы билчү. Ортодон ал жумуштан чыгып, жарым жылдай дайны билинбей кетти. Анан бир күнү эле социалдык тармактан жазышып калсак, Алматыга кеткенин айтып, "бизге сендей жөндөмү бар балдар керек болуп жатат" деди. Дароо эле ал жакка барып өз ишин мыкты билгендерден чач тарач кесибин терең үйрөнгүм келди. Иштеп, окуп, семинарларга катышып жаттым. "Ушунун баарына каражатты, убакытты кантип таптым экен" деп азыр таң калам. Бир учурда окуп да, иштеп да жаттым, кыйналган күндөр да болду. Ишим турукташып калганда үйдү ремонттоого ата-энеме үч миң доллар жөнөтсөм, алар "бул каяктагы акча?" деп таң калышкан. Ошентип 2010-жылы Алматыда алгачкы миллион сомумду иштеп тапкам. 2013-жылы "Стиль академиясы" деген журналдын Бишкектеги өкүлү болуп дайындалып, Кыргызстанга келдим. Анда азыркыдай социалдык тармак жок, жасаган ишибизди журналдарга чыгарып өзүбүздү таанытчубуз.
— Тандаган кесибиңизге ата-энеңиздин, жакындарыңыздын көз карашы кандай болду? Анткени ал убакта бизде чач тарач, стилист болууну айымдарга көбүрөөк тиешелүү деп эсептечү эле...
— 15 жылда көп эле тоскоолдуктар болду. Башында менин кесибимди түшүнгөн, колдогондор аз эле. Анткени бизде слесарь, ашпозчу, кондитер, чач тарач кесибин сыймыктуу иш катары эсептешпейт, бирок ата-энем колдоду. Анткени алар менин тандоомду сыйлаган, өз пикирин таңуулабаган адамдар. Бир чети кесип тандоомо да түрткү болуп калгандай. Апам бир тойго баратып салонго кирип чачын жасатканда кошо кирип, бери жакта суктанып карап отургам. Кийинки жолу тойго барарда салондордун баары бош эмес, апам чачын кимге жасатарын билбей бушайман болду. Мен ойлонуп туруп "келиңиз, мен жасап көрөйүнчү" деп жасасам, апам жактырды. Тойго барганда жанындагы курбулары, меймандар да "кимге жасаттың?" дептир. Ошентип чач жасоого кызыгып баштадым. Чач тарач, ашпозчулук аялдарга гана тиешелүү деген түшүнүк туура эмес. Мен буга кошула албайм, анан да бул кесиптердин тарыхын карасак, тескерисинче, эркектердин иши болгон. Кийин айымдар жакшы өздөштүрүп кетишкен.
Негизи ар кандай оор сыноолордон өтүп, эмгек менен ушул деңгээлге жеткенден кийин башкалардын таңуулаган оюн кабыл албай каласың.
Бекболотов: ишим турукташып калганда үйдү ремонттоого ата-энеме үч миң доллар жөнөтсөм, алар "бул каяктагы акча?" деп таң калышкан
— Сизди көбүнчө ырчылар, белгилүүлөр менен иштешет деген сөздөр айтылат. Алардын карьераңызга тийгизген таасири кандай болду?
— 2015-жылы шоу-бизнес өкүлдөрү менен таанышып, алар менен иштешип, жаңычылдык киргизип, өзгөчө образдарды алып чыктым. Чоң-чоң долбоорлордо чачтарды жасалгалап өзүмдү тааныштырып жүрдүм. Ошентип эле бара-бара кызматташуу аркылуу чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен мамиле түзүлүп калды. Негизи баары менен эле иштешебиз. Жөнөкөй адамдар деле келет. Бардык каалоочуларга эшигибиз ачык. Болгону алдын ала жазылып коюшу керек.
— Мыкты чач тарач, стилист, имиджмейкер болуу үчүн окуп, билимди да жогорулатып туруу керек эмеспи. Шакирт тарбиялап жатканыңызды уктук, анан өзүңүз да убагы менен окуп турсаңыз керек?
— Башында бирөөлөрдүн кол алдында иштедим. Анан "болбойт экен" деп акыры өзүмдүн студиямды, окуу борборун ачтым. Биринчи сегиз адамды даярдап чыгардык. Экинчи курамда 36 адам бар. Бул Бишкекте чач кыркуу жана жасалгалоо эле эмес, жалпы чачтын түзүлүшү боюнча да окута турган биринчи студия. Иштөө системасын толук үйрөтөбүз. Бул кесипти аркалоо, кесипкөй адис болуу да көп билимди, убакытты талап кылат. Муну менен жашаш керек. Баарын үйрөнүүгө даярмын деп кызыккандар болсо кабыл алабыз.
Өзүм да Казакстанда өткөн мода жумалыгына катышып турам. Эки жылдан бери Түркияга да чакыруу менен барып жатабыз. Казакстанда эл аралык долбоорлордо бирге иштешүүчү командам бар. Чет өлкөдө бизди баалашат. Түркияда деле өздөрүнүн чеберлери бар, бирок иш-чараны уюштуруучулар бизге тапшырып, ишеним көрсөтүп кызматташууда. Бир чети атайын туристтик долбоорлорду да өткөрүп жатышат. Биз да мындай иш-чараларга кызыгып, шарт болсо Кыргызстанда да өткөрүү планыбыз бар.
— Тажап, башка тармакка кетүүнү каалаган учур болду беле?
— Жок, андай болгон эмес. Чач менен иштөөнү жүк же оор жумуш катары көрбөйм. Бул менин сүйүктүү ишим, хоббим. Мен азыр иштеп жатам деп айта албайм. Бул ишимден эс алам. Жумуштун арты менен эл-жер көрүп, Россия, Казакстандан баштап тээ Японияга чейин бардым. Түркиянын ар кайсы шаарларына барып мастер-класстарды өтүп турам.
Студияда иштөөгө жакшы шарт түзүлгөндүктөн келгендер да кеткиси келбегенин айтышат. Эртең менен келип, кечинде кет деген график жок. Баары өзү түзгөн график менен иштешет. Кээде ата-энелер балдарын жетелеп келип "Силердей болсо дедик эле. Окутуп, үйрөтүп берсеңиздер" дешет. Ал балдардан "окугуң келип жатабы, кызыгасыңбы?" деп сурасам, "билбейм" деп жооп беришет. Мындай туура эмес. Менимче, ар бир адам өзүнүн көңүлүндөгү кесипти аркаласа майнап чыгарат. Кыргызстанда көп ата-эне балдарынын жөндөмүнө, эмнеге кызыгарына маани бербейт. Ушундай учурларда ата-энеме ыраазы болуп кетем. Мага карата "аны кийбе, минтпе" деген тыюу болгон эмес. Алматыга кетип жатканда 17 жашта болсом да тоскоол болбостон ишенишкен. Балдары тандаган тармакты, жолду ата-эне, жакындары колдошу керек деген ойдомун.
— Студия ачканга чейин тажрыйба алууга канча убакыт кетирдиңиз?
— Студияны, анын ичинде стилисттерди даярдоо мектебин ачарда эки жыл ойлонуштурдук. Анткени бизге келген айрым кардарларыбыз, башкалардын кемчиликтерин, негизи чач тарачка болгон нааразычылыгын айтып калчу. Ошону да эске алып, окутууда психология, оратордук искусство сабактарын киргиздик. Мунун бардыгы жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү, тейлөө жана кардарларга туура мамиле кылуу максатында болчу. Баш-аягы эки жыл ойлонуп, үч ай аралыгында ачтык.
— Ал эми чачка кандай кам көрүүнү туура деп эсептейсиз?
— Мурда айымдар айран, жумуртка менен баш жуугандарын айтышат. Азыр ар кандай чач каражаттары түрү менен даяр сатылууда. Ошондуктан айран, бал сыяктуу табигый каражаттарды пайдаланбайм. Айрымдар бир шампунду жакшы колдонуп жүрүп эле кийин натыйжа бербей калганын айтышат. Негизи аял киши төрөгөн сайын, дегеле убакыттын өтүшү менен чачтын структурасы өзгөрөт. Тиш деле бошоп жатпайбы. Ошол себептен беш жыл бою бир шампунду колдонуп жүрө бергенге болбойт. Керек болсо бир жылда эки-үч жолу алмаштырып колдонуу туура. Анан да бүгүн бир шампунь, эртең башкасын кылып аралаштырып жууган да жарабайт. Чачтын да энергиясы бар.
Бекболотов: 15 жылда көп эле тоскоолдуктар болду. Башында менин кесибимди түшүнгөн, колдогондор аз эле
— Чач боёо же башка өзгөртүү процедураларын үйдө жасаса болобу? Сөзсүз түрдө адистин көзөмөлүндө болушу шартпы?
— Негизи колористика — бул искусство. Муну да билген адис жасаганы туура. "Баскандан эринсең, чуркайсың" деген макал бар го. Анысы кандай үйүнөн чачын туура эмес күйгүзүп же боёп алып кайра келип жасаткандар болот. Азыр бардык шарттар, сервис бар. Калкты тейлөө кызматтары жакшы эле өнүккөн. Ушул заманда үйдө кыйналып, анын үстүнө ойдогудай жыйынтыкка жетпей калып, адиске кайрылган убаракерчиликтин эмне кереги бар? Иште, эмгектен, акча тап, анан өзүң үчүн тейлөө кызматтарынан пайдалана бер. Айрымдар чалып, "боёкко кандай кошулмаларды кошсок болот" деп сурашат. Анын баарын айтып берүү мүмкүн эмес. Чачтын өңүнө карай, кайсы өңдү чыгаруу керектигине жараша кошулат да. Кээде эки боёктон бир өң чыгарууга туура келет. Пигментация деген түшүнүк да бар. Бул кыйын, аны үй шартында жасай албайт. Эгер каражат жетишпесе, үйдө ар кандай эксперименттер менен чачты күйгүзүп, боёп деле кереги жок деп ойлойм.
— "33 жашка чейин өзүмдү үч жолу өзгөрттүм" деген экенсиз. Бул кандай өзгөрүүлөр?
— 2014-жылы жол кырсыгына кабылып, ооруканада жатып калып көп нерсени түшүндүм. Ага чейин ачып-чачып эле жүрө берчүмүн. Ошондо "тирүү калдым, демек, элге, бирөөлөргө керек экенмин" деген ой келди. Ошол окуядан кийин кайрымдуулук менен алектенип, муктаждарга кол сунуп баштадым. Мунун баарын ачыктап, санап айткым келбейт. Башкысы муктаждарга кол сунууну акырындан уланта берем.
Андан кийин 2017-жылы декабрда Японияга баргам. Анан аялдамада туруп, ар кандай адамдарды көрдүм. Бири шлёпкачан жүрсө, экинчиси шубачан. Дагы бири чачын башкача бир өңгө боёп алган. Иши кылып ар кандай стилдеги, ар кыл кийим кийген япондор, бири-бирине көңүл буруу жок. Ич кийимчен жүрсө деле маани бербейт экен. Ар бири өзүнүн ишин кылып, өз турмушунда жашайт. Мен буга абдан таң калдым, жакты. Биздин өлкө кичинекей эмеспи, баары байкап тургандыктан "социалдык баракчама мындай жазып койсом, эмне деп ойлошот" деген тартынуу бар эле. Ошондон кийин "эл эмне дейт" деп жашоого болбосун аңдадым. Ар ким өз турмушу менен алектениши керек, бирөөнүн ишине киришүү ашыкча. Ага убакыт да коротпо дегим келет.
Үчүнчүсү - 2018-жылы спорт менен талыкпай машыга баштадым. Эки жыл залдан чыкпай, үзгүлтүксүз машыгып, өзүмдү бышырдым десем болот. Ага чейин арык, кичинекей бала болчумун. Анан салмагым 85 килограммга көтөрүлгөндө "жасаса болот турбайбы" деп өзүмө дагы бир ирет ишеним артып калдым.
Бекболотов: 2015-жылы шоу-бизнес өкүлдөрү менен таанышып, алар менен иштешип, жаңычылдык киргизип, өзгөчө образдарды алып чыктым
— Кыргызстандык кыздардын чач жасалгаларына, келбетине кам көрүүсүнө көз карашыңыз кандай? Мүмкүн кайсы бир аракеттери сизди адис катары таң калтырар?
— Акыркы учурда бишкектик кыздар өзүн абдан карап, чачынан тырмагына чейин жасанып жүрүп калышты. Айрымдары келбетин да өзгөртүп жатат. Тааныш кыздарымдын арасында Москвага барып дене мүчөсүн жасатып келгендери да жок эмес. Булардын баарын сын көз менен карай бербейм. Ар кимдин өз эрки. Чынында сулуу кыздар көбөйдү. Ошентсе да терс жагы — өтө көп боёнушат. Клубдан, кафелерден, кечелерге барып калганда кыздар таанып учурашып калышат. Анан кээде тоналдык креми жанындагы адамдын кийимин булгаган учурлар да болот. Негизи узун кирпик, узун тырмак, чоңойтулган ооз, ашыкча боёлгон көз эркектердин баарына эле жага бербесе керек. Бирок ар ким өзү билет. Ошентсе да акырындык менен табигый сулуулук трендге айланып келе жатат.
— Алдыдагы пландарыңыз кандай?
— Мен ушуга чейин койгон максаттарыма эмгек менен жетип келе жатам. 33 жашка чейин жеке студиямды жана окуу борборун ачууну пландагам. Ал орундалды. Эми аймактарда эконом-класстагы окуу борборлорун ачууну көздөөдөмүн. Алыскы райондордо салон иштеткен чач тарачтар болсо иштешебиз. Ошондой эле стилистиканы предмет катары 10-класстан баштап окутуу идеясын билим берүү тармагына сунуштайын деген оюм бар.
Нурдөөлөт Копоев: аз жерден уулумдун аты Сүмбүл болуп кала жаздаган
Арыктоонун эки негизги сыры бар. Нутрициолог Атабаеванын кызыктуу маеги