Акылбек Жапаров Жер-Үй кенине барды. Сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасына алтын ылгоочу фабриканын ишин жана кургак уулуу калдыктарды сактоочу жайды көрсөтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жасаган жумушчу сапардын алкагында Жер-Үй кенине баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаров алтын ылгоочу фабриканын иши, кургак уулуу калдыктарды сактоочу жайдын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолуккан.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жасаган жумушчу сапардын алкагында Жер-Үй кенине баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады

2 / 3

Жапаров алтын ылгоочу фабриканын иши, кургак уулуу калдыктарды сактоочу жайдын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолуккан.

3 / 3

Белгилесек, ишканада 1367 жумушчу орун түзүлгөн, мында кызматкерлердин 97 пайызы Кыргызстандын жарандары

Белгилесек, ишканада 1367 жумушчу орун түзүлгөн, мында кызматкерлердин 97 пайызы Кыргызстандын жарандары. Алардын ичинен 70 пайызы Талас облусунун тургундары экенин маалымат кызматы кошумча билдирди.
Жер-Үй кени - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. 90 тоннага жакын алтын, 25 тоннага чукул күмүш бар.
2015-жылдын май айында "Восток-геолдобыча" ачык акционердик коому Жер-Үй кенин иштетүү боюнча сынакты жеңип алган. Баштапкы төлөм 100 миллион долларды түзгөн. Жеңүүчү компания "Альянс Алтын" ЖЧКсын негиздеп, 2035-жылдын 28-августуна чейин кенди иштетүүгө уруксат алганы маалым.
2021-жылдын июль айына карата бир тоннадан ашык алтын алынганы кабарланган.
Жер-Үйдөгү алтын кантип алынып жатат. Таластагы кенден 15 сүрөт
Таласта ПЦР-лаборатория ачылып, Акылбек Жапаров көрүп келди. Сүрөт