Ректор: Садыр Жапаров КРСУда окуп, дипломдук ишин мыкты жактаган

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаров менен окуу жайдын бир факультетинде билим алып, бирок аны бир дагы жолу көрбөгөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетиндеги юридика факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Бул тууралуу ректор Владимир Нифадьев билдирди.
Окуу жайдын жетекчиси коомчулукта кызуу талкуу жаралгандыктан комментарий берүүнү чечкен.
Ректордун айтымында, Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук статусу" темасындагы дипломдук ишин 2006-жылдын 19-майында "эң жакшы" деген баага жактаган.
"Садыр Жапаровго окуу жайдын башка студенттери сыяктуу эле кыргыз жана россиялык үлгүдөгү эки диплом берилген", — деди Нифадьев.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев диплом чуусу чыккандан кийин президенттин 2006-жылы КРСУнун юрфагында окуганын билгенин айткан. Эл өкүлү ал жылы өзү дагы ошол эле факультетте окуганын жана бир дагы жолу Жапаровду көрбөгөнүн билдирген.
Эске салсак, кечээ, 20-январда, БШК Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Шайлоо органынын версиясы боюнча, Нарматова Жалал-Абад университетинин дипломун мыйзамсыз алган.
Орозайым Нарматова: БШКнын чечимине даттангым келген жок, сотко да ишенбейм