БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Социалдык фондуга кыргызстандык мигранттардын акчасын которуп турууга көмөктөшөт. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Фонд менен ЕАӨБ ортосунда макулдашууга кол коюлган.
Аталган документ 2019-жылдын декабрь айындагы макулдашуунун алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринде иштегендерди пенсия менен камсыздоо үчүн пенсиялардын экспортун жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, ЕАӨБдүн эсептик инфраструктурасы, пенсияларды улут аралык которууда колдонуу шарты түзүлөрү айтылган.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендердин пенсиясын которуу эл аралык финансылык эсептик уюм аркылуу ишке ашуусу керек.
ЕАӨБ Социалдык фонд үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде сом менен эсеп ачууга даяр экендигин билдирди. Ал пенсияларды которуу, комиссия албай "Банк–Клиент" деп аталган аралыктан иштеген системаны орнотууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Маалыматта азыр эки тараптын бирикменин мүчөсү болгон өлкөдө эмгектенгендердин пенсиясын которуу боюнча шарттарды иштеп чыгуу зарылдыгы турганы айтылды.
ЕАӨБ менен Социалдык фондунун жетекчилери бүгүн кол коюлган макулдашуу биринчи иретте ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн миллиондогон адамдар үчүн өтө зор мааниге ээ экендигин белгилешкен.