Радио

Шаршенбеков: малды идентификациялоо арзандайт

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Алмаз Шаршенбеков малды идентификациялоонун баасы төмөндөтүлүп, ыңгайлуу нарк коюлушу керектигин айтты.
Sputnik
Жылкыны идентификациялоодо чиптин баасы 167 сомду түзүп, көп мал кармаган фермерлерди чыгашага дуушар кылып жатат. Бул тууралуу Алмаз Шаршенбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, малды идентификациялоо фермерлердин ишин жеңилдетип, аны көзөмөлгө алуу ыңгайлуу болуп калды.

"Санариптик Кыргызстан — 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында мал кармагандар үчүн Mal Check, Doc Check сыяктуу атайын кызмат көрсөтүүлөр иштеп жатат. Ал аркылуу идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы, мал ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы жөнүндөгү маалыматтарды алууга болот. Учурда малдын көп түрү идентификациядан өтүп калды. Бирок жолуккан көйгөйлөрдүн катарында идентификациядан өткөрүү баасына нааразы болгондор бар. Аны чечүү максатында чиптин баасын төмөндөтүү каралууда. Алсак, жылкыны идентификациялоодо чиптин баасы 167 сом болсо, ветеринардын иши менен кошулуп 250 сомго чейин жогорулап кетүүдө. Бул көп мал кармагандарга оор болуп калат экен. Министрлик аркылуу өкмөткө токтомду жибердик. Анда бардык жагдайларды эске алып, 80 сомго түшүрүп жатабыз. Бул суммага ветеринардык кызмат акысы кирбейт", — деди Шаршенбеков.

Ошондой эле адис жакында республика боюнча койду идентификациядан өткөрүү боюнча иштер болорун кошумчалады.