Адис тоңдо тайбаш үчүн автоунаанын дөңгөлөгү кандай болушу керектигин айтты

Автоунаалар боюнча адистин пикиринде, тоңголокто зыңкыйып, желге толуп турган дөңгөлөк бат тайып кетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кышында, өзгөчө катуу суукта жолдор тайгак болуп турганда автоунаанын дөңгөлөгүнүн желин аз-маз чыгарып койгон туура. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Москва политехникалык университетинин кызматкери, автоунаалар боюнча адис Валерий Жар айтып берди.
Анын пикиринде, тоңголокто зыңкыйып, желге толуп турган дөңгөлөк бат тайып кетиши мүмкүн.
"Жер тоңуп турган учурда дөңгөлөк ага канчалык көбүрөөк жабышса, ошончолук жакшы. Ошондой эле жели азыраак дөңгөлөккө көп күч келбейт. Өзгөчө аба ырайы бир аз убакытка жылый түшкөндө же автоунаа жылытылган имараттын ичинде туруп чыккандан кийин дөңгөлөктү кайрадан карап коюу керек. Анткени жылуулук аны көптүрүп, жерге толтуруп коёт", — деди Жар.
Буга чейин адистер суукта автоунаа от албай калса эмне кылуу керектиги боюнча кеп-кеңештерди беришкен.
Кышында автоунааны жылытууда айдоочу кетирчү үч ката. Кеңештер