Жапаров 2 253 адамга жарандык берип, 244 кишини чыгарды

Жарандык алгандардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2 253 адам (чоңдор 1 724, балдар 529) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынган. Алардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.
Ошону менен бирге эле 244 кыргызстандык (198и чоңдор, 46сы балдар) жарандыктан баш тарткан.
Кыргызстан канчанчы орунда? Дүйнөдөгү таасирдүү паспорттордун рейтинги