Пресс-борбор

Мамрезерв элге ун, кумшекер, май таратат. Кимдер ала алат?

Министрлер кабинетинин буйругу чыкты. Эми 11 467 тонна ун таратылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Калктын аялуу катмары Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан ун, кумшекер, өсүмдүк майы түрүндө гуманитардык жардам алат. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысынын орун басары Рустам Каракулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысынын орун басары Рустам Каракулов
Анын айтымында, былтыр тамак-аш коопсуздугун шарттоого өзгөчө көңүл бурулуп, республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Мурда фондго мындай суммадагы каражат берилген эмес. Былтыр Кыргызстан 63 миң тонна буудай, үч миң тонна кумшекер жана эки миң тонна өсүмдүк майын жеткирүү боюнча Россия менен келишим түзгөн. Азыктардын дээрлик баары келип, сакталып турганы айтылды. Калгандары жакын арада келип калат.
Каракулов базардагы бааны турукташтыруу же гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн өкмөттүн чечими керек экенин белгилеген.
"Калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинетинин буйругу чыкты. Эми 11 467 тонна ун таратабыз. Фонд өзүнүн запасынан 20 миң тонна буудай алып, анын теңинен көбүн унга иштетти", — деди Каракулов.
Мындан сырткары, кумшекер жана өсүмдүк майын таратуу боюнча буйрук даярдалып жатканы кошумчаланды.
Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө алдыга чыкты