Чаткалда эки кишини көчкү басып калып, каза тапты. Сүрөт

Бүгүн Жалал-Абал облусунда Кара-Буура — Чаткал жолунда эки киши көчкү басып калып каза тапты
Кырсык карды атайылап түшүрүү иштери жүрүп жатканда болгондугу айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бүгүн Жалал-Абал облусунда Кара-Буура — Чаткал жолунда эки киши көчкү басып калып каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Кырсык карды атайылап түшүрүү иштери жүрүп жатканда болгондугу айтылды.

"Кара-Буура — Чаткал жолунда "Вертекс Голд Компани" компаниясынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда көчкү эки кызматкерди басып калган. Алардын биринин сөөгү саат 17:30дарда, экинчисиники 19:15 чамасында табылды", — деп айтылган маалыматта.

Кабар түшөрү менен ӨКМден беш куткаруучу барган. Ал эми аталган компаниядан тартылган жүзгө чукул киши техникалар менен издөөгө катышкан.
Учурда ал кишилердин аты-жөнү такталып жаткандыгы жана окуя болгон жерге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаевдин чыгып кеткени айтылды.
Ачык маалыматтарда аталган компаниянын түстүү металлдарды казуу менен алектенери жазылган.
Үндү катуу чыгарбаңыз! Кар көчкү тууралуу ӨКМдин видеоинфографикасы
Үндү катуу чыгарбаңыз! Кар көчкү тууралуу ӨКМдин видеоинфографикасы