БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын Батыш Вирджиния штатында журналист кызды түз эфир учурунда автоунаа сүзүп кеткен. Окуянын видеосун анын кесиптеши журналист Ли Кей Говард өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.
Анда көрүнүп тургандай, жолтандабас WSAZ телеканалынын кабарчысы Тори Йоргини сүзгөндө, журналист жыгылып калган. Бирок бир нече секунддан кийин анын үнү угулуп, эфирди улантып кеткен.
"О кудай! Мени жаңы эле унаа сүзүп кетти, бирок жакшы элемин", — деген ал.
Ролик социалдык тармакта желдей тарап, көпчүлүк алып баруучу Тима Ирранын реакциясына таң берип жатат.
Бири "алып баруучу күндө мындай окуяны көрүп жүргөндөй го" десе, дагы бири "алып баруучу камырап да койгон жок, кабарчыга болсо "Эмми", "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарын бериш керек" деп жазган.
Журналист кызга кесибин алмаштырууну сунуштагандар да болду.