Долларды жума күндөрү сатып алуу пайдалуу. Себеби

Экономисттин айтымында, жуманын башында банктар аралык соода башталып, баалар көп көтөрүлбөйт. Жуманын ортосунда жогорку чегине жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Айдын экинчи жарымында ири ишканалардын көпчүлүгү салык жана кызматкерлердин айлык акысын төлөө үчүн чет элдик акчаларды улуттук валютага алмаштыра баштайт. Финансисттер дал ушул убакытты доллар сатып алуу үчүн жакшы учур деп аташат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Россия экономикалык университетинин профессору, экономист Майя Дубовик билдирди.
Ошондой эле адис аптанын кайсы күнү чет элдик валюта (Кыргызстандын мисалында көбүнесе доллар — ред.) сатып алуу ыңгайлуу экенин түшүндүрдү.
"Адатта жуманын башында банктар аралык соода башталып, баалар аз көтөрүлөт. Жуманын ортосунда жогорку чегине жетет да, аптанын соңку иш күнү чет элдик валюталар бир топ арзандайт", — деди Дубовик.
Мындан тышкары, экономист чет элдик валютаны алып жатканда бааларга жакшылап көңүл буруу керектигин айтат. Шарт боюнча акчанын сатып алып жана сатуу бааларынын ортосундагы айырма 2 пайыздан ашпашы керек.
Айлыкты күтүп отурбай… Кошумча кирешени кайдан кантип табууга болот?