БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жума күнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Талас жеринде 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көл өрөөнүндө -3…+2, Нарын чөлкөмүндө -5…-10 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +6…+8 градусту көрсөтөт.