"Шамбала" тасмасы Даккадагы фестивалда күчүн сынап жатат

1977-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан фестиваль быйыл Дакка шаарында 15-23-январь күндөрү өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргыз режиссёру Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы ушул күндөрү Бангладеште өтүп жаткан XX Дакка эл аралык фестивалында көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
1977-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан фестиваль быйыл Дакка шаарында 15-23-январь күндөрү өтүүдө.
"Анда Кыргызстандан барган фильм "Азиялык тасма" секциясында көрсөтүлмөкчү. Сынакка катышкан тасмаларга эл аралык калыстар тобу баа берет", — деп айтылат кабарда.
"Шамбала" фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылып, ошондон бери бир катар фестивалдарга катышып сыйлыктарды алып келе жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги башкы каарман Шамбаланын ролун жараткан Артур менен маектешкен.
Буга чейин тасманын трейлери жарыяланган.
"Шамбала" Иранда өткөн фестивалда 7 номинацияда жеңүүчү болду