Кыргызча онлайн-оюндарды түзөбүз. Бийликтин өнүктүрүү программасындагы планы

Долбоорду ишке ашыруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрликке жүктөлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети фильмдерди тартып жана кыргыз тилиндеги онлайн-оюндарды түзүп, аларды атайын порталга жайгаштырууну пландап жатат.
Мындай милдет министрлер кабинетинин Кыргызстанды өнүктүрүүнү 2026-жылга чейинки бекиткен планында айтылган. Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрликтин 2022-2023-жылдары kuttuel.kg маалымат порталын түзүшү керектиги жазылган. Сайтка руханий жактан өнүктүрүп жана адептүүлүккө тарбиялоо максатын көздөгөн материалдардын жайгаштырылышына шарт түзүлүшү керек деген тапшырма коюлган.
Планга ылайык, үч көркөм, беш даректүү жана үч мултьфильм тартылып, кыргыз тилиндеги уламыш, дастан, улуттук оюндар, жомок, санжыра темаларын камтыган үч онлайн-оюн иштеп чыгуу милдети турат. Даяр болгон продукциялар сайтка этап-этабы менен жайгаштырылат. Фильмдер чоңдор үчүн да, кичинекейлерге да ылайыкталып тартылышы керек.
Бул контенттерди даярдоого аталган министрликке 2026-жылдын аягына чейин мөөнөт берилген.
"Эр Төштүк" эпосу англис тилине ыр түрүндө которулду