Суук болобу? Дем алышка карата аба ырайы

Жума этегинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болбойт, бирок абанын температурасы салыштырмалуу төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, жума этегинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаабайт, бирок абанын температурасы салыштырмалуу төмөн болот. Бишкекте кар жаабай турганы айтылды.

Чүй, Талас облустары

22-23-январда Чүй облусунда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы күндүз 1...6 градуска жетет. Таласта 23-январда күндүз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы -2…-4 градуска төмөндөй турганы божомолдонду.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

22-январь, ишембиде, жаан, кар жаабай турганы айтылды. 23-январда бир аз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз 2…4 градусту көрсөтсө, түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө аптанын акыркы эки күнүндө кар жаабайт. Бирок жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы күндүз 0…-5 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарында кар жаабайт, анткен менен сууктун күчү -9…-11 градуска жетери божомолдонду.
Чыкылдаган аяз коштойт. Февралга карата аба ырайы