БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковду Алматыда сабагандарды жоопкерчиликке тартуу жана аталган окуяны териштирүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Сыдыковдун жакындары анын Бишкекке алынып келе жатканын маалымдашкан. ТИМ бул маалыматты тастыктап, Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу аны атайын медицианалык унаа менен Бишкекке жөнөткөнүн кабарлады.
"Ак-Жол" өткөрмө бекетинен аны Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алып, андан ары ооруканага жаткыруу иштерин уюштурат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирүү тарап, кийин ТИМ анын Алматыдагы ооруканадан табылганын билдирген.
Буга чейин Сыдыковдун санаалашы Айгүл Сартбаева Сыдыковдун Алматыда эмерек чогултуп иштээрин айткан. 8-январда каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Сартбаева досунун Казакстандагы башаламандыкка катышпаганын айтып, күбөлөр бар экенине ишендирген. ТИМ бул маалыматты текшергени айтылды.
Сыдыковдун тура албай жаткан видеосу интернетке тарап, анда мекендеш сабалганын айткан.