Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков Бишкектеги ооруканага алып келинди. Видео

Аны кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алып, тез жардам менен алып келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чолпонбек Сыдыков Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Оорукананын маалымат катчысы Назгүл Курамаеванын айтымында, Сыдыковдун абалы оор. Азыр дарыгерлер консилиум өткөрүп, медициналык кароодон соң толук маалымат берилет.
Жабыркаган мекендешти кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алып, тез жардам менен алып келишти.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирүү тарап, кийин ТИМ анын Алматыдагы ооруканадан табылганын айткан.
Сыдыковдун санаалашы Айгүл Сартбаеванын айтымында, Сыдыков Алматыда эмерек чогултуп иштеген. 8-январда каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Сартбаева досунун Казакстандагы башаламандыкка катышпаганын айтып, күбөлөр бар экенине ишендирген. ТИМ бул маалыматты текшергени айтылды.
Сыдыковдун тура албай жаткан видеосу интернетке тарап, анда мекендеш сабалганын айткан. Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу аны атайын медициналык унаа менен Бишкекке жөнөткөн.
Учурда ТИМ Сыдыковду сабагандарды жоопкерчиликке тартуу жана аталган окуяны териштирүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Алматыда сабалган Сыдыков. Акыйкатчы Стамбул протоколун түзүүнү сурады