Пресс-борбор

Министрлик: быйыл дагы дыйкандар үчүн суу жагынан оңой жыл болбойт

Аскарбек Жаныбеков үстүбүздөгү жылда дагы кургакчылык болорун божомолдоп, азыртадан ирригация системасын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2022-жыл сугат жагынан алганда дыйкандар үчүн жеңил болбойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
"2022-жылы дагы жаан-чачын аз болору айтылып, сугат жагынан бир топ түйшүктөр болору күтүлүүдө. Андыктан азыртадан ирригация системасын жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери чарбалар ортосунда каналдарды даярдашы үчүн миллиард сом бөлүндү. Азыр аким жана айыл өкмөттөр менен иштер жүргүзүлүүдө", — деди министр.
Анын айтымында, ирригациялык системалардын техникалык абалы жакшы болбогондуктан, сууну алып келе жаткан учурда жолдо жарымы жок болуп кетүүдө.
"Бир миллиард сомго 661 каналды ремонттойбуз. 114 чакырымга созулган каналдардын түбүн бетондоп, 883 чакырымына механикалык тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Тагыраагы, капиталдык ремонт жасалат десек болот. Мунун аркасы менен суу үнөмдөлө баштайт", — деди Жаныбеков.
Суу тартыштыгын алдын алуу максатында министрлик күздө жана жаз алды менен талааларды сугарууну сунуштаган. Бул аракеттер жерде суунун болушунча көпкө туруусу максатында көрүлүүдө.
Эске салсак, өткөн жылдагы кургакчылыкка байланыштуу айыл чарбасында сугат көйгөйү жаралып, түшүм аз болуп калган. Суу тартыштыгынан улам Чүйдүн фермерлери митингге чыгышкан. Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялаган.
Өкмөт айыл жана мал чарбасы боюнча токтом кабыл алды. Аткарыла турган иштер