Бишкекте дагы үч мектеп онлайн-окууга өттү

Буга чейин Кыргызстан боюнча жалпысынан 26 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте коронавирустан улам дагы үч мектеп онлайн-окууга өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуучулардан коронавирус аныкталганына байланыштуу №17, 30, 32 орто мектептер 14 күнгө карантинге жабылып, окуучулар онлайн окуйт.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан боюнча жалпысынан 26 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлгөн. Анын ичинде 16сы Бишкек шаарында, 10у Чүй облусунда болчу. Эми Бишкекте онлайн-окууга өткөн мектептердин саны 19га жетти.
Өткөн суткада 870 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду
Пресс-борбор
Бишкекте канча мугалим, окуучу COVID, КРВИ менен ооруду? Мэриянын маалыматы