Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика жакында ишке кирери айтылды

Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.
Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланган.
"Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы — биргелешкен ишкана, капиталынын 25 пайызы "Кыргыз алтын" ААКсына, 75 пайызы "Эти Бакыр" түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет.
Кумтөрдөн казылган алтынды кантип ылгап алышат? Фабрикадан тартылган видео
Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинде кандай өзгөрүүлөр болорун билдирди