Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министри кызматына Имановду жактырды

Имановду дайындоого 54 депутат макулдугун берип, каршы чыккандар болгон жок.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды.
Аны кызматка дайындоого 54 депутат макулдугун берип, каршы чыккандар болгон жок.
Буга чейин аталган министрликти Дастан Догоев жетектеп, 6-январда кызматтан кеткен. Ал эми Талантбек Иманов "Дастан" заводун башкарып турган.
Куру кыйкырык салбаңыз! Байсалов парламентте Бекешев менен айтыша кетти