БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" штаммынын биринчи эле белгилери байкалса, антибиотикти такыр жолотпош керектигин дарыгер Андрей Тяжельников РИА Новости агенттигине айтып берген.
"Омикрондун" негизги белгилери — булчуң, сөөк, баш жана тамак ооруйт, эт ысыйт, кургак жөтөл коштоп, мурун бүтөт. Бул жаңы штаммдын кадимки сасык тумоонун тиби менен өтүп жатканы", — деп түшүндүргөн Тяжельников.
Биринчи иретте эшикке чыкпай, обочолонуу керектигин, ал эми дарыланууну үйдө бар дарылар менен баштоону айтып берген.
Дарыгер эгерде эт ысып, 38 градустан өйдө көтөрүлсө гана аны түшүрө турган препаратты ичүүнү эскерткен. Мындан сырткары, тамак менен мурунду туздуу суу менен чайкоо зарылдыгын айткан.
"Антибиотиктерди эч качан өз алдынча пайдаланууга болбойт. Организмге күч келтирет, ал эми вирустарга каршы күрөшүүдө пайдасы жок. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги вирустарга каршы "Умифеновир" ("Арбидол", "Арпефлю" сыяктууларды) жана "Интерферон-альфа" ("Гриппферон", "Назоферон") дарыларын сунуштайт", — деген ал.
Ал жогорудагы препараттар коронавирус жеңил формада өтүп жаткандарга жарай турганын эскерткен. Тамактын оорусун басаңдатууга спрей, соро турган таблеткалар жана чайкай турган суюктуктар жардам берерин айткан.
Дарыгер мурда айтылып келгендей эле суюктукту көп ичүүгө кеңеш берген. Андан сырткары, куурулган тамак-ашты, майлуу жана туздуу азыктарды жегенге тыюу салган. Лимон жана С витаминге бай жашылча-жемиштерди сунуштаган.
Ооруп жатканда ноокас жаткан бөлмөнү, үйдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп туруш керектиги да айтылган.