Офтальмолог Бекбоева: монитордон чыккан нур, радиация көздүн сырткы челин жукартат

Санариптик технологиянын заманында жаш баладан кары адамга чейин колубуздан гаджет түшпөй калды. Ал эми айрым адамдар жумушка байланыштуу керели кечке компьютердин алдында отурууга аргасыз. Бул ден соолук үчүн өтө кооптуу.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук госпиталдын көз хирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева маек куруп, ал гаджеттерден көздү кантип коргоого болорун айтып берди.
— Азыр жаштардын көбү көз айнек тагынып калгандыгын байкайбыз. Өлкөдөгү жалпы абал кандай, кыргызстандыктар көздүн кайсы оорулары менен жабыркап жатат?
— Бир жагынан оперативдүүлүк үчүн технологиянын өнүккөнү жакшы. Бирок мобилдик системанын келиши ден соолукка да өтө терс таасирин тийгизип жатат. Анын үстүнө көп убакытты интернетке, социалдык тармакка коротуп коюп жатабыз. Акыркы кезде кичинекей балдардын колунан телефон түшпөй калды. Ооруканага кезек күткөн ата-энелердин арасынан 5-6 айлык балдарына да телефон карматып койгондор кездешет. Айрым балдар экранды жакындан карай берип көзү кыйшайып, мурдунун учун карап калган болот. Ошол ата-энелерге зыяндуулугун түшүндүрүп бергим келет. Бирок туура кабыл албай, кайра жаман көргөндөр бар. Иш үчүн эмес, жөн гана кызыгып, коомдук жайларда деле баары телефонду тиктешет. Муну менен ден соолугуна канчалык зыян алып келип жатканын өздөрү билбейт. Ооруну айыктыруудан мурда алдын алуу профилактикасы чоң мааниге ээ.
Улуттук госпиталдын көз хирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева
— Гаджеттер чоң кишилерге салыштырмалуу кичинекей балдардын көзүнө да олуттуу зыян келтирсе керек?
— Ооба. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар эки жылдан бери көбүнчө онлайн окууда. Карантин адамга, коомго бардык жагынан таасир эткендигин билебиз. Социолог, психологдор ушул аралыкта үй-бүлөдө ажырашуу, уруш-талаш көп болгонун айтышты. Ошол учурда офтальмологдорго кайрылууга аргасыз болгон бейтаптар да көбөйгөндүгүн айткым келет. Көпчүлүк ата-эне сырткы чектөөлөрдөн улам балдарын телефонго аябай көндүрүп салган. Көз булчуңдары бир жерди эле карап тура берсе ага күч келет. Мурда көз айнек тагынгандар Япония, Түштүк Корея, Кытай өлкөлөрүндө көп болчу. Бизде балдар арасында да көз айнек тагынгандар чанда кездешчү. Азыр кадимки эле көрүнүш болуп калды. Көрүүсү начарлардын көбү линза тагынууда. Дарыгерге барбай жүргөндөрү канча.
— Ушу тапта бир күн кечке компьютердин мониторунан көзүн албай иштеген адамдар да бар. Алардын көзү да чоң зыян тартып жатат. Мындай кесип ээлерине кандай кеңеш бересиз?
— Биринчиден, туура уктоо керек. Мисалы, кечки саат 10:00дөн эртең мененки алты же жетиге чейин уктагыла. Көз булчуңдарынын эс алуусу үчүн 7-8 сааттан уктоо талап кылынат. Албетте, баарыбыздын эле жумушубуз ойдогудай болбогондуктан кээде кеч жатууга туура келет. Бирок эрте жатып, эрте туруу менен күнүнө бир убакта эс алууну адатка айланткан оң. Интернетти өчүрүп, эмоциялардан арылып, бош уктаса адам жакшы эс алат.
Тамактанганда да жашылча-жемиштерге (антиоксидант азыктарга) басым жасаган туура. Сабиз, алма, карагат, кулпунай, кожогат өңдүү кычкыл жемиштер көзгө пайдалуу. Анан жумуш ордундагы жарыктандыруу бирдей жана жетиштүү болушу керек. Монитордо стол лампаларынын жарыгында же караңгы бөлмөдө иштөө көзгө күч келтирет.
Улуттук госпиталдын көз хирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева иш учурунда
— Коргоочу көз айнектер экрандан чыккан нурдан көздү чындап эле коргой алабы?
— Азыр ар бир экинчи адам көздүн кургап кетүүсү менен жабыркайт. Коргоочу көз айнек же монитордогу пленкалар көздү көп болсо 30 пайызга гана коргой алат. Болгону көздү бат-бат ирмеп турууну унутпаңыздар. Көздү нымдаштыруучу тамчылатмаларды алып алсаңыз да жакшы жардам берет. Узак убакыт бою компьютерде иштесеңиз ар бир 20 мүнөт сайын көзгө көнүгүү жасап, 2-3 мүнөт эс алдырууну унутпаңыз. Мисалы, терезеден айлана-чөйрөгө көз чаптырып, алыс жактарды карап туруу пайдалуу. Анткени бир нече сааттап бир жерди тиктеп тура берсе көз булчуңдары ошого ылайыкташып, өрчүбөй калат. Көз кургайт. Монитордон чыккан нур, радиация көздүн сырткы челин жукартат. Мында көздүн көрүүсү да начарлап, бара-бара өнөкөт ооруга чалдыгышы мүмкүн. Ал эми ирмеп-ирмеп алганда көз бөлүп чыгарган май менен карек майланып турат. Көздү ирмөөнү коргонуу рефлекси деп коёбуз.
— Азыр эл өз алдынча интернеттен кеңеш, маалыматтарды алышат. Анын баарын жасоого болобу?
— Чынында аша чаап кетпеш керек. Жок дегенде бир жылда бир адиске көрүнүп туруу абзел. Азыркы эпидемиологиялык кырдаал адамдагы башка ооруларды козгоп жатат. Учурда көздүн тамырлары жарылып кайрылгандар көп. Коронавирустан кийин канды суюлтуу керек. Канттын деңгээлин, кан басымды текшертип коюу зарыл.
Арыктоонун эки негизги сыры бар. Нутрициолог Атабаеванын кызыктуу маеги
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек