"Бишкектин ар кайсы аймагында батут, велосипед турган жерлер чыгып алат. Булар борбор калаанын сырткы көрүнүшүн бузууда. Ошондуктан райондук администрациялар менен биргеликте айрым объектилерди алып салуу жаатында иш-аракеттер байма-бай жүрүп турат. Базарларда орундар бар экенине карабастан айрымдар ижара акысынан качып сыртта соода кылышууда. Бул жагдай, биринчиден, жарандарга тоскоолдуктарды жаратса, экинчи жагынан коопсуздукту камсыздоодо көйгөйлөрдү шарттоодо. Анткени соодагерлер араба менен унаа жолго чейин чыгып алышууда. Ошондуктан мэрдин тапшырмасы менен аптасына эки жолу базарларда рейд жүргүзүлөт келет. Алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин тийиштүү эскертүүлөр берилет. Эгерде дагы да кайталана берсе айып салынышы ыктымал", — деди Мусаев.