Бишкекте дагы 4 мектеп онлайн-окууга өттү. Эми жалпы 20 мектеп карантинде

Коронавирустан улам ордо калаада жалпы 20 мектеп аралыктан окууга өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте дагы төрт мектеп онлайн-окууга өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүндөн тарта №70, 5, 28 жана 61 орто мектептер карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алмакчы. Бүгүн эртең менен №17, 30 жана 32 мектептер убактылуу жабылганы айтылган.
Буга чейин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкекте 13 мамлекеттик мектеп карантинге жабылганын маалымдаган. Алар: № 26, 88, 62, 60, 73, 12, 4, 38, 67, 11, 29, 18, 6 орто мектептери. Муну менен 19-январга карата ордо калаада 20 мектеп онлайн-окууга өттү. Мындан тышкары, бир катар жеке менчик мектептер да карантинде экени белгилүү болду. Акыркы маалыматтар боюнча, Бишкек коронавирус боюнча "кызыл" зонада. Шаарда күнүнө 500дөн ашык адамдан вирус аныкталууда.
Байсалов: эми ПЦР-тест алуу токтотулат, COVID аныкталган мектептер жабылбайт