Куру кыйкырык салбаңыз! Байсалов парламентте Бекешев менен айтыша кетти

Депутат аткаминерден жекеликке өтпөй жооп беришин талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен айтыша кетти.
Учурда парламентте санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.
Бекешев санариптештирүү жаатындагы көйгөйлөрдү атап, талапкерден аны чечүүнүн жолдорун сурады.
Депутат Дастан Бекешев
"Сиздер ар кандай программаларды айтпай, ишиңиздерди эл сезиши керек, мамлекеттик кызматтарды бир жерден ала тургандай болушу шарт. Соттолбогону тууралуу документти интернет аркылуу жөнөтүп, маалым кат алуу үчүн кайра мекемеге барат. Салыктык карызы жоктугу тууралуу маалым кат үчүн салыкчылардын кабинеттерине чуркап жүрүшөт. Өзү үй ээси экенин тастыктаган маалым катты алууга барса "сотко кайрыл" деп жатат. Ушулбу санариптештирүү? Сиз биринчи кезекте ушул нерселер менен алектенишиңиз керек. Азыр бир маалымат кат алуу үчүн жарандардын бир күндүк убактысы кетет", — деди Бекешев.
Андан соң Имановдун ордуна Байсалов жооп берип, депутатты сындады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
"Биз бул көйгөйлөрдү абдан жакшы билебиз. Бирок 10 жыл ушул залда отурган, башкаруучу партиянын курамында болгон жана санариптештирүүнү убадалаган адамдарга кол чапкан адамдын куруу кыйкырык салганы болбойт. Буга чейин аябай көп лозунг, доклад, "40 кадам" сыяктуу программалар айтылган. Көрсө биз санариптештирүү "с" тамгасында эле туруптур. Өнүккөн өлкөлөрдү айтпай эле коёюн, кошуналарыбыз алдыга кетиптир. Биз көйгөйлөрдү териштирип, сөз менен эмес иш менен чечип жатабыз", — деди Байсалов.
Андан соң Бекешев ортоңку микрофонго чыгып, Байсаловдон жекеликке өтпөй жооп беришин талап кылды. Ал мамлекеттик кызматтарды пайдаланууну жеңилдетүү боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун демилгелегенин айтты.
"Мен эмес, кайсы бир кызматка жетүү үчүн 2018-жылдан бери, тескерисинче, сиз бийликке кол чаап отурдуңуз. Конкреттүү суроо берилип жатканда, жекеликке өтпөй жооп беришиңизди сурайм. Мен көйгөйдү айта турган депутатмын, сиздин ордуңузга барып чечип коё турчу укугум жок. Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин функцияларын сонун билесиз. Анан минтип "куру кыйкырык салбаңыз" дейсиз. Депутат катары көйгөйлөрдү көзгө сайып көрсөтүп турам. Мен министрликке талапкерге суроо бердим, ал ушул көйгөйлөрдү чече алабы? Жекеликке өтпөй так жооп берсеңиздер", — деди Бекешев.
Андан соң Талантбек Иманов өзү жооп берип, аталган көйгөйлөрдү сөзсүз түрдө чече турганын айтты.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Унчукпай отуруп бер! Ташиев Кадырбеков менен Айдарбековду какты. Видео