БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Top Model of the World сынагына катышат. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагынын дирекциясынан маалымдады.
Кыргызстандык модель Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышмак, бирок пандемиядан улам иш-чара өтпөй калган. Буга байланыштуу дирекция Асылбекованы быйылкы иш-чарага жиберүүнү чечкен.
Сулууларды тандоо 27-февралдан 14-мартка чейин Египетте өтөт. Ага 75 өлкөнүн бийкечтери катышмакчы. Сынак үчүн кыргызстандык сулуу XIX кылымдагы кыргыз аялдарынын кийимдеринин мотиви боюнча улуттук костюм даярдаган.
Катышуучулар мындан тышкары купальник жана кече көйнөктөрү менен сахнага чыгышат.
Top Model of the World 1993-жылы негизделип, моделдер арасындагы эл аралык престиждүү сынактардын бири болуп саналат. 2016-жылы ага Кыргызстандын атынан биринчи жолу Бегимай Карыбекова барган.
Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.