Маалыматта боюнда бар аялдын абалы оорлошкондуктан айылдагы эркектер чогулуп жолго чыгышкан. Улам кезектешип, кар жаткан бир нече чакырым жол басып, анан алып түшкөнү айтылат.
Аталган аймак Дагестандагы Цумадинск районуна карап, Грузия менен чектешет.
RT өзүнүн маалыматтарында аталган айылга жетүү үчүн ашуудагы кооптуу жол менен 10 чакырым аралыкты басып өтүү керектигин жазган. Эски хушеттиктерди сырт дүйнө менен тоонун боорундагы жол гана байланыштырып турат. Жеткиликтүү жалгыз көлүк — эшек. Абдан шашылыш болсо тик учак чакырууга туура келет.
Алар аялды машина жете турган жерге алып түшкөндөн кийин ооруканага алып кетишкен.
Тема боюнча: