Бийлик качан окуучуларга автобус бөлүп берет. Документтеги пландар

Долбоорду ишке ашыруу жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Министрлер кабинети мектеп автобустары боюнча мөөнөттү белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги 2023-жылдын биринчи кварталында "Мектеп автобусу" системасын баштоого ниет кылууда. Мындай милдет министрлер кабинетинин Кыргызстанды өнүктүрүүнү 2026-жылга чейинки планында айтылган.
Анда окуучулар мектепке атайын автобустар менен бара турганын пландаган иштер бар.
Министрлер кабинети бул жаатта ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу ниетинде. Аны ишке ашыруу акимчиликтер менен өзүн-өзү башкаруу боюнча жергиликтүү органдарга жүктөлмөкчү.
Бишкек мэриясы 2021-жылы бекер ташый турган окуучулардын автобусун каттамга киргизүү планы туурасында билдирген. Ал үчүн газ менен жүрө турган 10 автобус да алмак болушкан. Аталган транспорттордун ошол жылдын сентябрынан тарта катташы мүмкүн экендигин айтышып, бирок ал алигиче ишке аша элек.
Бишкекте 13 мектеп онлайн-окууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды. Тизме