Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда көчөлөр жабылып, антитеррордук операция жүрүүдө. Видео

Полиция элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып, ыңгайлуу маршруттарды тандоону сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. - Sputnik. Алматыда бүгүн, 19-январда, антитеррордук операциялар жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, айрым көчөлөр кыймыл үчүн жабылган. Аймакты полиция кызматкерлери күзөтүп жатат. Мобилдик интернет начар иштеп жатканын агенттиктин кабарчысы жеринен билдирген.
Полиция элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып, ыңгайлуу маршруттарды тандоону сунуштаган.
"Бүгүн өзгөчө абал режиминин бүткөнүнө бир күн болду. Соцтармактарда өлкөнүн ар кайсы шаарларында митинг өткөрүү боюнча чакырыктар пайда болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Талдыкоргандын борборунда дагы күч органдарынын өкүлдөрү байкалган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаев акыркы окуялардан кийин алгачкы жолу үн катты. Видео
Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары