Радио

Адис кымыз менен дарыланууда эске алчу жагдайды айтып берди

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов кымыз менен дарыланууда эске алчу нерселерди айтып берди.
Sputnik
Жылкынын сүтүн ичерден мурда анын бруцеллезго каршы эмделген справкасын талап кылуу керек. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соңку убакта жылкыларда дагы аталган дарт кездешүүдө.
"Азыркы тапта жылкыларда бруцеллез кездешүүдө. Кымыз менен дарыланабыз дегендер чийки сүт ичип жатышат. Аны ичерден мурда желедеги бээлердин тазалыгы тууралуу справканы талап кылуу зарыл. Эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө документ бар болсо гана сүтүн ичиш керек. Ансыз бир эле жылкынын сүтүнөн көп киши аталган дартты жуктуруп алышы мүмкүн. Ошону эске алуу зарыл", — деди Саткынов.
Ошондой эле ал эмделбеген бээнин сүтү менен дарылоого уруксат берилбей турганын кошумчалады.