Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппарат чыгара баштады. Видео

Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды.
Sputnik
Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппараттарды чыгара баштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Маалыматка караганда, Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комитеттин алдында учкучсуз учуучу авиациялык комплекстерди өндүргөн илимий борбор түзүлгөн.
"Аталган борбор эл аралык техникалык талаптар менен шарттарга жооп берген "Лочин" (Шумкар) аталышындагы учкучсуз аппараттарды чыгара баштады", — деп айтылат маалыматта.
Ошентип Өзбекстан учкучсуз аппараттарды чыгарган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды.
Мамлекеттик комитеттин материалдарында борбор биринчи этапта учкучсуз аппараттын эки түрүн чыгарганы айтылат. Биринчиси самолет тибинде болсо, экинчиси квадрокоптер.
Түзүлгөн борбор технологиялык, лабораториялык жана өндүрүү, чогултуу, оңдоо үчүн жабдыктар менен жабдылган.
Тема боюнча:
Учкучсуз учкан "Байрактарды" сынап көрүштү. Видео
Россиялык учкучсуз аппарат бутаны кантип талкалады. Видео