Бел ооруйт. "Омикрон" штаммынын дагы бир белгисин айтышты

Терапевт 60 жаштан ашып калган адамдардын иммунитети алсыз болгондуктан бардык инфекцияга тез чалдыгарын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бел, арка жактар башка илдет учурунда да кишинин тынчын алышы мүмкүн, бирок бул "омикрон" штаммын жуктуруп алган учурдун да белгиси экендигин Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, мануалдык терапевт Андрей Кабычкин айтып бергендигин "Известия" жазды.
"Бел жана арка жактын оорушу адамдын ден соолугунун жабыркашынан кабар берет. Ал дененин туура эмес калыптанышынан тарта инфекциялык процесстерге чейин болушу мүмкүн. Бактериялык, вирустук же инфекциялык процесстерде жогоруда айтылган органды оорутат, ал миалгия деп аталат", — деген Кабычкин.
Терапевт аталган илдеттин себептери көп болушу мүмкүндүгүн, медициналык жактан текшерүү гана эмнеден болуп жаткандыгын аныктай тургандыгын эске салган.
"Тесттен өткөндөн кийин гана туура жана так диагноз коюуга болот. Дарыгер тигил же бул симптомдорду карап, салыштырып, дартты аныктап, ошондон кийин гана дарылоону жазып бериши керек", — деген ал.
Дарыгер 60 жаштан ашып калгандардын иммунитети алсыз болгондуктан бардык инфекцияга тез чалдыгарын эскертти. Андыктан жогорудагы симптом кездешкенде алар азыр дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан илдетти жуктуруп алчулардын аялуу катмарында болуп калышы мүмкүн деп түшүндүрдү.
Буга чейин иммунолог Владимир Болибок "омикрон" штаммына мүнөздүү белгилерди атап берген. Алардын ичинен эң көп кездешип жаткандары: тамактан катуу кармайт, мурун бүтөт, кургак жөтөл коштойт, эт ысыйт, алсырап жана баш сынып кетчүдөй ооруйт.
Дарыгерлер жакында эле "омикрон" конъюнктивит аркылуу да өзү туурасында "кабар берерин" айтып беришти.
Кыргызстанда катталган "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасы кандай