Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Назарбаев: Токаев сунуштаган программаны колдош керек

Елбасы Казакстан көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча Борбор Азияда гана эмес, КМШ мамлекеттеринде дагы лидерге айланганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мекен үчүн 30 жыл бою талыкпай иштегеним баарына белгилүү. Бул тууралуу Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев элине кайрылуу жасап жатып айтты.
Елбасынын видеосун анын маалымат кызматы YouTube-каналына жарыялаган.
Назарбаев Казакстандын чек арасын бекемдеп, прогрессивдүү реформаларды жүргүзгөнүн белгилеген.
"Биз көз карандысыз Казакстанды биргеликте курдук. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытында чоң ийгиликтерге жеттик. Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча Борбор Азияда гана эмес, КМШ мамлекеттеринде дагы лидерге айландык. Казакстан эл тааныган авторитеттүү өлкөгө айланды. Бул казакстандыктардын ынтымагы менен биримдигинин жыйынтыгы. Стабилдүүлүк менен тынчтык дайыма менин максатым болгон. Баарыбыз бул баалуулукту сакташыбыз керек. Биз кризистен сөзсүз өтөбүз жана мындан дагы күчтүү болобуз. Президент элдин турмушун дагы да жакшырта турган программа сунуштады, аны колдоо керек", — деди Назарбаев.
Коңшу мамлекеттеги чыр-чатак 2022-жыл жаңырары менен газдын кымбаттап кетишинен улам башталган. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыккан. Башаламандыктан дүкөндөр тонолуп, мамлекеттик мекемелер өрттөлүп, миңдеген адам жабыркап, 200дөн ашык адам көз жумганы айтылган.
Башаламандыктан улам айрым ЖМКлар Нурсултан Назарбаевдин өлкөдөн чыгып кеткенин жазып чыгышкан, бирок экс-президент эч жакка кетпегенин билдирди.
Елбасынын толук видео кайрылуусун материалдан көрүңүз.
Нурсултан Назарбаевге өмүрү өткүчө берилген артыкчылыктар
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаев кайрылуу жасап, учурда кайда экенин айтты