БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Учурда Бишкектеги бир дагы билим берүү мекемесинде коронавирустун очогу жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Эске салсак, ушул тапта Бишкекте 13 муниципалдык мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү. Ошондой эле № 135 балдар бакчасы карантинге жабылды.
Мозгачеванын айтымында, ар бир мектептен үчтөн көбүрөөк окуучудан коронавирус чыккан. Айрым ооругандар буга чейин эле мектепке келбей жатышкан. Ал эми бала бакчанын эки тарбиячысынан COVID-19 аныкталды.
"Ата-энелердин эсине салып койгум келет, паникага алдырууга негиз жок. Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 80 пайызы эмдөөдөн өткөн. Калган 20 пайызы ден соолугуна байланыштуу вакцина алган эмес", — деди вице-мэр.
Ал кошумчалагандай, алгоритмге ылайык, эгер бир мектептен эки адамдан коронавирус чыкса, 14 күнгө карантинге жабылат.