Кыргызстан боюнча 26 мектеп аралыктан окууга өттү

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кээ бир мектептер толук эмес, бирок бир канча класстары аралыктан билим алууга өткөн. Алардын ичинен карай келгенде Чүй облусунда көп экени анык болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстан боюнча жалпысынан 26 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
"2022-жылдын 18-январына карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2 334 мектептин 26сы онлайн окууга өткөрүлдү. Алар Бишкек шаарында 16, Чүй облусунда 10 мектеп", — деп айтылган маалыматта.
Мындан тышкары, 76 класстын онлайн окууга өткөрүлгөнү кабарланды.
Алар:
Чүй облусунда – 55 класс;
Бишкек шаарында – 9 класс;
Талас облусунда – 6 класс;
Нарын облусунда – 3 класс;
Ош облусунда – 2 класс;
Ысык-Көл облусунда – 1 класс.
Министрликтен Талас облусу боюнча 6 класс аралыктан окутууга мектептеги оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлгөнүн айтты.
Мэрия: Бишкекте мектептер менен бала бакчаларда COVID-19дун очогу жок
Бишкекте 13 мектеп онлайн-окууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды. Тизме