Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө алдыга чыкты

2021-жылдын декабрь айында аймактагы бардык мамлекеттерде керектөө баалары жана тарифтер жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында азык-түлүккө болгон баанын эң жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2021-жылдын декабрь айында Евразия экономикалык биримдигинин бардык мамлекеттеринде керектөө баалары жана тарифтер жогорулаган.
Бир жылда керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда байкалган. Өлкөдө тарифтер жана азык-түлүк баасы (алкоголдук ичимдик жана тамекилерди эске алуу менен) 13,3 пайызга өскөн.
Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын (9,9 пайыз) жана кызматтардын (7,6 пайыз) кымбатташы боюнча Беларусь алдыга чыккан.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2021-жылдагы инфляциянын деңгээли:
Армения — 7,7 пайыз;
Беларусь — 10;
Казакстан — 8,4;
Кыргызстан — 11,2;
Россия — 8,4.
Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү көбөйдү. Канчага?