БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин структурасында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кайрадан калыбына келтирилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган башкармалык 2017-жылы жаңы кодекстер ишке киргенде жоюлуп, анын ордуна Криминалдык милиция кызматы негизделген болчу. Ал кодекстер күчүн жоготуп, жаңысы кабыл алынгандан кийин башкармалык кайрадан калыбына келтирилди.
Мындай чечим ИИМ жетекчилиги тарабынан ишти жакшыртуу жана структураны жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Укук бузуулар кодекстерине дал келтирүүнүн алкагында кабыл алынганы айтылды.