Анда кичинекей пил итти кубалап, тиктеше түшүп, бир учурда чөгөлөй, артынан ээрчип, кайра туруп алып узун тумшугу менен "досун" кармаганга аракет кылган учурлары кадрга түшүп калган.
Пи Мэй иттин көңүлүн бурдургусу келген максатта көпүрөнү көздөй кетип бараткандай түр көрсөткөнү четтен караган кишини жылмайтпай койбойт.
Видео Таиланддагы Пилдерди коргоо фонду тарабынан түзүлгөн атайын жараталыш парктарынын биринде тартылган.